Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын иш жыйынтыгы чыкканга чейин окуя катталган оорукананын директорун, башкы дарыгерин, кулак жана тамак оорулары бөлүмүнүн башчысын жана медайымды кызматтан убактылуу четтетти.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда катталган өлүм боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн аталган комиссияны министрлик 1-апрель күнү түзгөн.