ТИМ Москвада балдарын мектепке киргизе албай жаткан мигранттар тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында убактылуу жашап, иштеп жаткан Кыргыз жарандарынын Орусиянын билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алуудагы кыйынчылыктар тууралуу кайрылуулары боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.

Ушул жылдын август айынан баштап жогорудагы маселе боюнча кыргызстандыктардын арыздарынын көбөйүшүнө байланыштуу элчилик тарабынан Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына, тактап айтканда, Орусиянын президентинин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Москва Билим берүү департаментине бир нече кайрылуулар жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары, элчиликтин жетекчилиги тарабынан Орусиянын тышкы саясат ведомствосу жана президенттин администрациясы менен бир нече жолу консультациялар өткөрүлгөн. Ошондой эле бул маселе 2024-жылдын 10-июлунда Красноярск шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россиялык комиссиясынын 25-жыйынынын жүрүшүндө орус тарабы менен да талкууланган.

Элчиликте бул көйгөйгө дуушар болгон Кыргыз жарандары менен бир нече жолугушуулар уюштурулуп, алардан түшкөн кайрылуулар тиешелүү органдарга ыкчам жөнөтүлгөн. Элчилик WhatsApp мессенджеринде түзүлгөн топ аркылуу жарандар арасында тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Орусия тарабынан алынган маалыматка ылайык, балдарды билим берүү мекемелерине киргизүүдөгү кыйынчылыктар биринчи кезекте айрым мектептерде бош орундардын жоктугу менен шартталууда. Бул маселе министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө. Учурда Орусия менен түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштер уланууда.