ТИМ мугалим Азамат Нурматов Түркияда эмне үчүн кармалганын айтты

Мугалим Азамат Нурматов тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери дароо Түркиянын укук коргоо органдарына кайрылып, тиешелүү иштер жүрүп жатканын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бүгүн, 28-апрелде парламенттин эл аралык комитетинин жыйынында билдирди.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, 2016-2017-жылдары Түркияда төңкөрүш болгон кезде Азамат Нурматов жатаканада жашап, Фетхуллах Гүлендин тарапташтары колдонгон мобилдик тиркемени колдонгон. Ал Түркияда издөөгө алынган жана ошонун негизинде кармалган», — деди ал.

Бул маселе көзөмөлгө алынып, Тышкы иштер министрлиги Нурматовдун жактоочусу жана жакындары менен байланышта. «Жакынкы күндөрү ага жакындары телефон аркылуу байланышат деп күтүлүүдө», — дейт Имангазиев.