ТИМ Суданда атып түшүрүлгөн учакта каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди

ТИМ Суданда атып түшүрүлгөн жүк ташуучу учакта каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. 

Министрлик учактын ичинде табылган документ «Манас» аэропортунун эмес, Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкерине таандык болгонун белгиледи. Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, EX-76011 каттоо номери бар Ил-76ТД учагы жарандык аба кемелеринин реестринен 2024-жылдын 12-январында чыгарылып, Судандын каттоосуна өткөрүлгөн.

Буга чейин «Манас» аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн учак египеттик New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясына таандык экенин жана Кыргызстанга азыр эч кандай тиешеси жоктугун кабарлаган.