16-сентябрда тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине байланыштуу министрликтин имаратында тажик тарапка нааразылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Кыргыз тарап 16-сентябрда мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып тартып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуп, бүт периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.
Кыргыз тарап бардык жетишилген макулдашууларды так аткарууну, ок атышууну жана аскер бөлүктөрүн чыгарууну, ошондой эле чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна алып келүүчү кырдаалды түзбөөнү талап кылды жана чек ара саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигин баса белгилешкен.