Социалдык тармактын колдонуучулары Тажикстандагы кар көчкүдө мургабдык кыргыздардын каза болгонун жазышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинен каза болгон 14 кишинин ичинде Кыргыз жарандары жок экенин билдиришти.
«15-февралда кар көчкүнүн кесепетинен 14 адам каза болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында чет өлкөлүк жарандар жок, алардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары да жок», — деп айтылат маалыматта.