ТИМ: «Түркияда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. 8 жаран коопсуз жайга эвакуацияланды»

8-февралда саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, Түркияда каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Анталия жана Стамбул шаарларындагы элчилиги жана Башкы консулдуктары Түркиянын бийликтери менен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын аты-жөнүн тактоо иштерин улантууда.

Кыргыз Республикасынын сегиз жараны Адана, Кахраманмараш жана Османие шаарларынан коопсуз жайларга көчүрүлдү. Малатия шаарында Кыргыз Республикасынын тогуз жаранына, анын ичинде эки балага жана бир кош бойлуу аялга жардам көрсөтүлүүдө.