ТИМ: “Түркиядагы жардырууда жаракат алган жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок”

Түркиянын Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында болгон жардырууга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

“Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады. Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок”, — деп айтылат маалыматта.