ТИМ: «Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары каттала элек»

Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдөн кыргызстандыктар жабыркадыбы же жокпу тактап жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок.

Түркияда 6-февралда саат 04:17де күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 10 шаар жабыркаганын айтты.