ТИМ: «Украинадагы элчилик Кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта»

Украинада учурдагы кырдаалга байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги Украинада жүргөн мекендештерибизге барган өлкөнүн мыйзамдарын жана тийиштүү эрежелерин сактап, жеке коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүп, ал эми аталган өлкөгө барууну пландаштырган мекендештерибизден жолго чыкпоону өтүндү.

Элчилик Украинанын аймагындагы Кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген жана берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштөөдө.
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348.
Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000
+996 703 428 865
+996 709 983 465
+996 554 065 215.