Украинадагы Кыргыз жарандары элчиликтин имаратына чогултулууда

Тышкы иштер министрлиги Украинадан үчүнчү өлкөлөрдүн аймагы аркылуу чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги өз имаратына жарандарды чогултуп жатат. «Киевде коопсуз турак жайы жок жарандарды чогултуу Кыргызстандын элчилигинин аймагында Печерский району, Редутный проспектиси, 19/34 дареги боюнча уюштурулган. Ошол эле учурда турак-жайы жана баш калкалоочу жайы бар жарандарга үйдө калуу сунушталат”, — деп айтылат маалыматта.