Жаздын келиши менен Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында көз жоосун алган магнолия гүлдөдү.
- Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташтыгынын 20 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аймагына магнолия көчөттөрү отургузулган.
Министрлик ошондой эле борбор калаанын тургундарына жана конокторуна бир аз кылдаттык менен мамиле кылып, магнолия гүлдөрүнүн жытын көпкө жыттабоону эскертет. Себеби, аталган өсүмдүк уулуу болгондуктан, натыйжада шакый оорусу пайда болот.