Тимур Файзиев «Асман» шаарынын курулушун жетектей турганын жар салды

«Elite House» курулуш компаниясынын башчысы Тимур Файзиев Ысык-Көлдө курулат деп айтылган болочоктогу Асман шаарын тургузуу боюнча өкмөттүн алдындагы дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Бул 1 миллион кишиге ылайыкташкан жаңы эко-шаар болот. Инвесторлордун бир канча  тобу менен иштешип жатабыз. Яхталар, көлдүн жээктери, лыжа спорту, бүт дүйнө үчүн олимпиадалык кыштак, Диснейлэнд… Заманбап шаардын долбоорунун баасы — 10-20 миллиард доллар. Айрым адамдар мындай акчаны Кыргызстанга тартып келүүгө мүмкүн эмес деп ойлошот. Бирок биз азыр Кыргызстанга 100 миллиард доллар тартып келүү боюнча өкмөттө стратегия иштеп чыгып жатабыз», — дейт Файзиев.

Ысык-Көлгө «Асман» шаарын куруу пландалып жатканы өткөн жылдын июль айында маалымдалган. Тимур Файзиевге келсек, ал өткөн жылдын май айында коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип жатканы айтылып, тергөө иштеринен жашырынып жүргөнү үчүн ага карата сыртынан камакка алуу чечими чыккан. Июль айында эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.