Жеңиш чокусунда бутунан жаракат алып, калып калган альпинист Наталья Наговицынанын уулу апасын сактап калуу өтүнүчү менен Орусиянын Башкы прокуроруна, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысына жана Орусиянын Кыргызстандагы элчисине кайрылганын Baza Telegram каналы билдирди.
«Апам тажрыйбалуу альпинист, альпинизм боюнча 2-спорттук разряды бар, ден соолугу чың, физикалык жактан мыкты. Мага келген видеодо байланыш үзүлгөндөн кийин 7 күндөн кийин да колун булгап, энергияга толуп жатканы даана көрүнүп турат. Апам азыркы күнгө чейин тирүү деп ойлойм»,- деген уулу.
Анын айтымында, жакшы аба ырайы жакынкы эки күнгө гана созулат. Бул убакыттан кийин куткаруу операциясы мүмкүн болбой калышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, 12-августта Орусиянын жараны Наталья Ноговицына Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып деңиз деңгээлинен 7200 метр бийиктикте жаракат алган. Ошондон бери аны алып түшүү мүмкүн болбой жатат.