Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын чарчап калышы. Атасы экспертиза чыкпай жатканына нааразы

18-декабрда Бишкекте тиш дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине атасы кайрылып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкпай жатканына нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, жыйынтык бүгүн, 29-декабрда чыкмак. Бирок тергөөчү менен байланышканында 8-январда чыгарын айткан. Муну чарчап калган кыздын атасы атайын создуктурулуп жатат деп эсептейт.