Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын чарчап калышы. КММАнын медициналык борборунун директору иштен алынды

КММАнын медициналык борборунун директору Муктарбек Искаков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу журналисттерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, анестезиолог да иштен алынган. Буга чейин министр КММАнын медициналык борбору Саламаттыкты сактоо министрлигинен аккредитациядан өтпөгөнүн билдирген. Медициналык борбордун негиздөөчүсү КММА болуп саналат.