«Тиштерин сындырышыптыр». Укук коргоочу кордолгон 13 жаштагы кыздын мектепте зомбулукка кабылганын айтты

Кечээ, 30-августта Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан эркинен ажыратылды. Ал эми «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылды.

Укук коргоочу Мээрим Осмоналиева соцтармактагы баракчасына кыздын мектептеги өзүнөн улуу окуучулардан зомбулук көрүп жатканын айтты.

«Биз кыз менен иштөөнү улантып жатабыз. Кыз сексуалдык гана эмес, мектептеги чоң класстардын окуучуларынан да зомбулук көрүп жатыптыр. Кыздын тишин сындырып салышыптыр жана бир нече жолу окуучулардын көзүнчө сабалыптыр. Мектеп рэкетчилиги дагы эле бар экен. Менин мектеп мугалимдерине, социалдык педагогго бир нече суроолорум бар. Кыздын ата-энесинин ишин баса белгилегим келет. Кызга ушундай ата-эне буйруганы абдан жакшы болду. Алар кызынын укугун коргоп чуркап жүрүштү», — деди ал.