Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирди

Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирди. Бул тууралуу ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы билдирди.

Мындай чечим кечээ, 17-декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 15-сессиясында кабыл алынган.

Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык тогуз коргоол оюну — так эсептөөнү, стратегдүү ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган оюндардын бири болуп саналат. Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк эли ойноп келишет.