Тогуз-Тородогу Мойдунов атындагы мектеп «Жылдын мыкты мектеби» аталды

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун жыйынтыгы чыгарылып, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, мектепке 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Салтанаттуу азем Бишкек шаарындагы айтылуу №69 ОТКнын базасында өттү. Тандоого катышкан жалпы мектептер ыраазычылык кат менен сыйланышты. Сынакка жалпы 122 мектеп катышкан.