Тогуз-Торого алгачкы жолу жүгөрү майдалап чабуучу комбайн барды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна алгачкы жолу жүгөрү майдалап чабуучу комбайн жеткирилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

«Жаңы техниканын жардамы менен талаадагы жүгөрү чабылып, артыкчылыктуу технологиясы менен силоско бастырылды. Тогуз-Торо районуна Союз урагандан кийин быйыл биринчи жолу чыктуу тоют даярдоо максатында «Аталык» сортундагы жүгөрү үрөндөрү 25 га жерге себилген»,- деп айтылат маалыматта.