Той 3 саат эле болушу керекпи? Депутат Эмил Токтошев өз оюн айтты

«Кыргыз өлкөсүндө тойлордун убактысын 3 саат гана кылыш керек» деген Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абыловдун пикири коомдо талкууга алынып, ага макул да, каршы да болгондор ар тарап ойлорун айтышууда. SUPERTV телеканалы бул пикир боюнча талкуу кылдык.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев да катышып, 2017-жылы 3 депутат дал ушул маселени көтөрүп чыгышканын, бирок аны башка кесиптештери колдобой койгонун айтты. «Коомчулук, Муфтият колдогон. 6-чакырылыштын депутаттарынын көбүнүн рестораны болуп, мыйзам долбоор өтпөй калган. Той-аш болгон жакшы. Бирок чектен ашып кетип жатабыз. Муну тыюу мүмкүн эмес, бирок эреже киргизүү керек. Азыр бизде президенттик башкаруу. Президент бул боюнча буйрук чыгарышы зарыл. Ал жерде баары так-даана жазылышы керек», — деди ал.