Шоумен Кубанычбек Баркалбасов соцтармактагы баракчасында видео жарыяланды. Видеодо тойду токтотуп коюп, балбандарды колдогон конокторду көрүүгө болот.
«Тойду токтотуп коюп, коноктор менен Жоламан Шаршенбековдун күрөшүн көрдүк»,- деп жазды ал.
5-августта жайкы Париж Олимпиадасында Жоламан Шаршенбеков беттешин баштап, жарым финалга чейин чыкты. Жарым финалда Япониянын балбаны Кеничиро Фумита менен күч сынашты. 4:3 эсеп саны менен Жоламан Шаршенбеков япониялык атаандашынан жеңилип калды. Эми анын коло медаль үчүн беттешке мүмкүнчүлүгү бар. Коло медаль үчүн беттеш бүгүн, 6-августта өтөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram