Тойду токтотуп коюп, балбандарды колдогон коноктордун видеосу тарады

Шоумен Кубанычбек Баркалбасов соцтармактагы баракчасында видео жарыяланды. Видеодо тойду токтотуп коюп, балбандарды колдогон конокторду көрүүгө болот.

«Тойду токтотуп коюп, коноктор менен Жоламан Шаршенбековдун күрөшүн көрдүк»,- деп жазды ал.

5-августта жайкы Париж Олимпиадасында Жоламан Шаршенбеков беттешин баштап, жарым финалга чейин чыкты. Жарым финалда Япониянын балбаны Кеничиро Фумита менен күч сынашты. 4:3 эсеп саны менен Жоламан Шаршенбеков япониялык атаандашынан жеңилип калды. Эми анын коло медаль үчүн беттешке мүмкүнчүлүгү бар. Коло медаль үчүн беттеш бүгүн, 6-августта өтөт.