«Тойго эмес, алган багытына жумшаш керек». Садыр Жапаров ар бир берилген кредит текшерилерин айтты

Быйыл элге 20 миллиард сомдон ашык насыя берилди. Анын 72 пайызы аймактарга кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров  Министрлер кабинетинин жыйналышында билдирди.

«Ар бир тыйындын кимге берилгендиги боюнча көзөмөл күчөтүлөт. Келе жаткан жылы текшерүүлөр болот. Эми кредит берген банктар саясатын өзгөртөт деп ойлойбуз. Аны менен бирге кредиттин максаттуулугу текшерилет. Тактап айтканда, кредитти алып, той өткөрбөстөн, алган багытына жумшаш керек. Дыйкан алдыбы жерге жумшасын. Фермер алдыбы малга жумшаш керек. Муну да текшеребиз»,— деди ал.