«Өкмөт мүчөсү Асан мырза, сиз эмне тойго келдиңизби?» — деди депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Асан Гайыповго кайрылып.
Гайыпов депутаттын суроосуна түшүнбөй калганын айтты. «Түшүнбөдүм», — деди ал.
«Жемперчен келиптирсиз, тойго келдиңизби? Костюмуңуз жокпу?» — деди ал.
«Костюм бар, чечип койдум», — деди Гайыпов.
«Сиз келген конокторго үлгү болушуңуз керек да. Жакшынакай болуп… Костюм-шым кийип келбейсизби?! Анда биз деле эртең жемпер кийип келели», — деди депутат.