Токаев кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөтүнө кыргыз-казак чек арасында жаралган кырдаалды эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиле духунда жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президентинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ошондой эле чек ара аркылуу легалдуу эмес товарды ташууга жол бербөө үчүн автоматизация жана санариптештирүүнү активдүү ишке киргизүү маселеси боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүнү улантуу зарылдыгы айтылды.