Токиодо Паралимпиадалык оюндар башталды. Кыргызстандын спортчуларын кимдер коштоп кетишти?

Токиодо Паралимпиадалык оюндар башталды. Оюндарга 60тан ашуун өлкөдөн 4 миң 400гө жакын спортчу катышат.

Кыргызстандын атынан лицензияны утуп алган эки спортчу — пара жеңил атлетика боюнча Арстанбек Базаркулов жана парадзюдо боюнча 57 килограмм салмакка чейинки азиз спортчулар арасында —  Хайитхон Хусан кызы. 

Кыргыз улуттук Паралимпиадалык комитеттин башкы катчысы Саламат Бекбоевдун айтымында, спортчуларды коштоп машыктыруучулар Алмазбек Абиров, Канат Имьянов, Кыргызстандын улуттук паралимпиада комитетинин президенти Бакыт Исаков жана котормочу Кундуз Абирова Токиодо жүрүшөт.