Токиодогу Олимпиадага кайсы аткаминерлер барат?

Президенттик аппараттан жана Министрлер кабинетинен бир нече кызмат адамдары кыргыз делегациясына кошулуп, Токиодогу Олимпиада оюндарына жөнөштү. Бул тууралуу Kaktus.media өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. 

Эске салсак, бүгүн, 23-июлда жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот. Оюндарга Кыргызстандын атынан лицензия утуп алган 16 спортчу катышат. 

Уюштуруучулар тарабынан киргизилген чектөөлөргө карабастан, өлкөнүн делегациясынын курамына бир нече аткаминерлер киргизилген. Тактап айтканда, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев жана президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, ошондой эле Жаштар иштери, дене тарбия жана Спорт агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев бар.

Эске салсак, Улуттук Олимпиада комитетинин расмий маалыматы боюнча, делегациянын курамына 41 гана адам кирген, алардын катарында 16 спортчу, 14 машыктыруучу, дарыгер, массажист, команданын пресс-атташеси, ошондой эле УОКтун мүчөлөрү, федерациялар , мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү бар.

Ал эми бул боюнча тиешелүү жактар үн катыша элек.