Төкмө акын Мамбеттокто Мамбеторозо уулу 9 жылдан кийин ата-энесине жолукту (видео)

Белгилүү төкмө акын Мамбеттокто Мамбеторозо уулу 9 жылдан кийин ата-энесине жолукту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акындын ата-энеси Кытайда жашайт.

«9 жылдан кийин ата-энебиз менен жолугуштук. Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк айтам. Анан дагы таң атканча кирпик какпай козусун союп коноктоп, оорумду жондон, жеңилимди колдон алышкан досторума ыраазычылык!
Ата-энем келди акыры,
Ала-Тоонун койнуна.
Айыктым куса дартыман,
Асылып жыттап мойнуна!» — деп жазган акын.