Токмок шаардык ооруканасы капиталдык оңдоодон кийин ишке берилди

Токмок шаардык ооруканасы капиталдык оңдоодон кийин ишке берилди. Ал 216 орунга эсептелген, анын капиталдык ремонтуна 46 миллионго чукул сом сарпталган. Имараттын жана откананын эски чатыры жана электр тутумдары алмаштырылган. Ички жана тышкы суу түтүктөрү менен канализациясы кайрадан жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай орнотулуп, тийиштүү эмеректер менен да жабдылган.

Оорукананын ишке берилишине вице-премьер Эльвира Сурабалдиева катышты. «Учурда дары-дармек каражаттары боюнча запастар, кыска мөөнөткө, алдыдагы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алынууда. Оорукана жетекчилерине дагы бир ирет кайрылып кетем, кызыл зонада иштеген врачтарга дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттары жана маскалар жетиштүү болушу керек», — деди Сурабалдиева.