Токмокто акыркы сааттарга карата добуш сатып алуу боюнча 2 билдирүү түштү

Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жылдыз Молдогазиева шайлоо боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, саат 14:00гө карата Токмок шаарында 9 миң 201 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 24,15 пайызын түзөт.

«Акыркы сааттарга карата добуш сатып алуу боюнча 2 билдирүү түштү. Бул иштер боюнча ыкчам топ иликтөө жүргүзүп жатат», — деди ал.