13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне» коомдук фондунун өкүлү, Токмок шаарынын милиция кызматкери жана шаардык ветеринардык кызматтын адистери катышты.
Рейддин жүрүшүндө Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан көчмө зоопарк текшерүүгө алынды. Текшерүү учурунда зоопаркта кармалып турган жапайы жаныбарларга тиешелүү уруксат берүүчү документтер жок экендиги аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча жеринде тиешелүү акт түзүлдү. Ошондой эле, жапайы жаныбарлардын мыйзамдуу келип чыгышы толук такталганга чейин, алар убактылуу кароого «Бугу эне» коомдук фондуна өткөрүп берилди. Бул боюнча расмий түрдө алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлдү.
Кара жору – 1 даана











