Токмокто жоголгон 16 жаштагы кыз Бишкектен табылды

Милиция кызматкерлери тарабынан изделип жаткан 2005-жылы туулган Жумалиева Назлижан Кумарбековна табылды.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 23-августта кыз Токмоктогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. «Изделип жаткан кыз Бишкектин аймагынан табылды. Бардык жагдайлар такталып жатат»,- деп айтылат маалыматта.