Токмокто Керемет Асылбек кызы дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Асылбек кызы Керемет изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жаран кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Асылбек кызы Кереметти издөөгө жардам көрсөтүүнү суранган.

Анын айтымында, 12-октябрь күнү кызы Токмок шаарындагы «Булак» базарынын аймагында жайгашкан жумуш ордунан чыгып кеткен бойдон азыркы убакка чейин кайрылып барган эмес.

Эгерде Асылбек кызы Кереметтин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат белгилүү болсо, дароо 0 (313) 86-31-02, 0 (312) 60-73-63, 0 (700) 29-40-42 номурларына кабарлаңыз.