Токмокто таң эрте таксист келиндин төрөтүн кабыл алды деген видео тарады

Токмокто таксист келиндин төрөтүн кабыл алды деген видео тарады. Видео менен tokmok_live баракчасы бөлүштү.

Маалыматка караганда, төрөттү Токмок шаардык ооруканасынын Тез жардам кызматында иштеген Айдар Окмодоев кабыл алган. Ал иш күнү бүткөндөн кийин такси айдайт.

Айдоочу 5-февралга караган түнү саат 04:30 чамасында буйрутма кабыл алган. «Жерине барганда мен кош бойлуу келинди алып барарымды түшүндүм. Жолдо көз жарды. Баланын ыйлаганын угуп, бала төрөлгөнүн түшүнүп, унааны жылуу кылып, ооруканадагы кесиптештерим менен байланышып, аман-эсен Токмок шаарындагы төрөт үйүнө алып бардым», — деди ал.

Токмок шаарындагы төрөт үйүнөн эненин абалы канааттандырарлык экенин, эркек бала дени сак төрөлгөнүн билдиришти.