Токмокто «учкан» унааларды видеого тартып алышкан (видео)

Токмок шаарында коюлган ылдамдыкты азайтуучу дөңчөдө унаалар секирип өтүүгө аргасыз болуп жатышат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, дөңчө Шамшинский менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине коюлган, бирок эч кандай эскертүүчү белги коюлган эмес. «Караңгыда унаанын айдоочулары аны байкабай катуу ылдамдыкта өтүп, кандай секирип кеткенин байкабай калып жатышат», — дешет.

Токмок шаардык мэриясынан маалыматты тастыктап, жолду жасагандар кечээ кечинде иштеп бүтүшкөнүн, белги койгонго жетишпей калганын айтышты.