Токмоктогу компьютердик клубда эс-учун жоготкон 17 жаштагы өспүрүм ооруканада каза болду

Токмоктогу компьютердик клубда 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.

1-сентябрь күнү саат 23:30да Токмок шаарында жайгашкан компьютердик клубда 2006-жылы туулган өспүрүм өзүнүн достору менен ойноп жатып, өзүн жаман сезип эс-учун жоготкон. Аны достору Чүй районунун ооруканасына жеткирип, бирок 2-сентябрда жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.

Аталган окуя Чүй РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда текшерүү иши жүрүп жатат.