Токмоктогу мал базарда акчасын уурдаткан карыя рак илдетине чалдыккан балага жардам берет

Токмоктогу мал базардан 120 миң сомун уурдаткан аксакал акчанын бир бөлүгүн БШКнын мүчөсү Кайрат Маматовдун уулу Канаттын дарылануусуна берүүнү чечти. Бул тууралуу баланын атасы Фейсбукка жазды.

Кайрат Маматов белгилегендей, бүгүн Канат иммунотерапияны сегизинчи күн алып жатат.

«Эртең менен бизге Токмок шаарынан милициянын подполковниги телефон чалды. Жакында бир окуя болуп, чоң атанын акчасын мал базардан уурдап кетишкен. Ал катуу капаланып, жанындагы адамдар акча чогултуп беришкен. Милиция кылмышкерди кармады, ал келтирилген чыгымды калыбына келтирди. Ал эми бүгүн чоң ата бул акча менен Канатикке жардам бергиси келип жатыптыр», — деп жазды ал.