Төкөлдөш конушундагы жер үчүн чыккан чыр. “Кадастр” техникалык паспортторду берүү маселесин карайт

Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Төкөлдөш конушунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушууга тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, буга чейин аталган конушта Армейская көчөсүндөгү талаштуу жер тилкелерине байланыштуу тургундар арасында жаңжал чыккан. Жеринде шаар тургундарына ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалына техникалык паспортторду берүү маселесин кароо, Октябрь райондук администрациясына ушундай жагдайлардын алдын алуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин алып барууну тапшырды.