Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кызматынан бошотулду

Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жаңы жетекчи дайындалганга чейин башкы дарыгердин милдетин аткаруу Улуттук госпиталдын жетекчисинин орун басары Улукбек Кулукеевге жүктөлдү.

Буга чейин Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевге кылмыш иши козголгону маалымдалган.