Токтогул ГЭСин модернизациялоо иши аяктаса, анын «экинчи деми» ачылат

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов кечээ, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна барган иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Мамытов маалымдагандай, 2016-жылы Токтогул ГЭСинде жабдуулардын эскилигинен улам эки жолу авария болгон, андан соң кемчиликтерди жоюу максатында модернизациялоо иштери башталган.

Модернизациялоо иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 20 пайызга жогорулап, натыйжада анын «экинчи деми» ачылат деп күтүлүүдө. Өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугу 240 МВтга көбөйөт, муну дагы бир жаңы станциянын кошулганы менен салыштырууга болот. Мисалы, Шамалды-Сай ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВтты түзөт. Муну менен электр энергиясынын таңкыстыгы азаят. Эски жабдуулар да алмаштырылууда, бул экономикалык жактан да ылайыктуу, анткени жаңы станция кургандан көрө эски жабдууларды калыбына келтирүү бир топ арзан турат.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Токтогул ГЭСин техникалык жактан реконструкциялоо жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, станциянын энергетикалык коопсуздугун чыңдайт, бул өз кезегинде өлкөнүн бүткүл энергетикалык тутумунун иштешинин туруктуулугун жогорулатат жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылат деген ишенимин билдирди.

Ал Токтогул ГЭСинин каскады өлкөдөгү орточо электр энергиясынын 40 пайызын өндүрүп турган эң маанилүү стратегиялык объект экендигин, ошондуктан аны модернизациялоонун натыйжасынан бүтүндөй Кыргыз мамлекетинин өнүгүшү жана келечеги көз каранды экендигин өзгөчө белгиледи.