Токтогул суу сактагычында суу азайып, адам сөөктөрү жээкке чыгып калды (сүрөт)

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, жээкке адамдын сөөктөрү чыгып калып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Алардын айтымында, сөөктөр Токтогул суу сактагычынын Үч-Терек жана Торкент айылдарынын тараптагы жээктеринде жатат.

«Кечээ 29-март күнү ата-бабалардын саалтына ылайык сөөктөр терилип, кан чыгарылып, көмүлдү. Учурда райондук администрация тарабынан жергиликтүү мекеме, ишкана өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат»,-деп билдиришти жергиликтүүлөр.

Ошондой эле алардын маалыматына таянсак, буга чейин суу сактагычка жакын аймакта жайгашкан мүрзө учурда суу астында калып калган.