«Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кооптуу чекке жетти». Өкмөт эмне кылып жатат?

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев парламенттин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ички керектөөнү азайтып, коңшу өлкөлөрдөн алып келүү жана өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү каралып жатат.

«Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кооптуу чекке жетти. Учурда министрлик ошол чектен чыгарыш үчүн ар кандай чараларды көрүп жатат. Казакстан, Өзбекстан менен сүйлөшүп, бир миллиард киловатт-саат электр энергиясын алууга макулдаштык. 1-мартта импорттоо башталып, бүгүнкү күндө эки өлкөдөн 120 миллион киловатт кирди. Муну алууда мурдагыдай эле товар алмашуу механизмин колдондук, тагыраак айтканда, үч жылга карызга алдык. Бул аралыкта кайра товар түрүндө кайтарып беребиз. Сатып алган жокпуз»,— деди ал.

Ошондой эле, ал министр Бишкек Жылуулук электр борбору электр энергиясын өндүрүүнү дагы бир миллиард киловатт-саатка көбөйтүп, көлөмүн 2 миллиард 505 миллион киловаттка жеткирүү пландалып жатканын айтты.

«Биз жок дегенде былтыркынын ордун толтуруу үчүн быйыл 3 миллиард киловатт-саатка үнөмдөп же кошумча табышыбыз жана ички керектөөнү азайтышыбыз керек. Учурда аны аткаруунун иш планын карап жатабыз», — деди Турдубаев.