Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 1 миллион метр кубга жетти

Бүгүн, 28-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 1 миллион метр кубга жетти. Бул өткөн жылдын май айына салыштырмалуу 2 миллиард метр кубдан ашуун көлөмгө аз. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалыматында айтылат.

Ал эми бул жылдын апрель айында суунун көлөмү түшүп, 8 миллиард 563 миллион метр куб болгон. Апрель айынан бери суу сактагыч 2 миллиар метр кубдан ашуун суу топтой алган. Ошол эле учурда, суунун агып кириши секундасына 656 метр кубду түзсө, агып чыгуу 267 метр кубду түзүп жатат.

Ал эми суунун көбөйгөн мезгили болуп июнь, июль, август айлары эсептелет. Бул боюнча маалыматты Токтогул суу сактагычынын башкы инженеринин орун басары Медетбек Насиров СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.