Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азаюуда

Бүгүн, 22-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,897 млрд. куб. метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө суунун агып келиши секундасына 263 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 555 куб метрге жетүүдө.

Бирок былтыр ушул убакта кампадагы суунун көлөмү 12,745 млрд. куб метр болгон. Башкача айтканда быйыл өткөн жылга салыштырмалуу суу сактагычтагы суунун запасы кыйла аз.

Адистер мындай суу сактагычында суунун кескин азайышы электр жарыгынын байма бай өчүшүнө алып келет деп билдиришет.