Токтогул суу сактагычындагы суу бир айда 720 миллион метр кубга азайды

Бүгүн, 7-апрелге карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 585 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 7-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 585 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 156 метр куб, агып чыгышы 431 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мындан бир ай мурун суу сактагычта 9 миллиард 305 миллион метр куб суу бар болчу.