Токтогулда ачка болуп, үшүгөн сүлөөсүн адамдарга келген

Токтогул районунда ачка болгон сүлөөсүн жардам издеп адамдар жашаган кашарга келген. Бул туурасында «Бугу Эне» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, болжол менен 9-10 айлык сүлөөсүн көп убактан бери тамактанбай, алсырап калган. Аны кармап, Бишкекке жеткиришти. «Түндө бизге Токтогулдагы Экотехинспекциядан ургаачы сүлөөсүн алып келишти. Энесинен ажырап же адашып калганбы, көп убакыт тамак жебей калыптыр. Арыктап, үшүп, болбой калган ал кашардагы адамдарга келиптир. Кашардын ээси — жаш жигит анын абалын түшүнүп, алдына бир аз эт ыргытып, экология инспекторлорун чакырыптыр. Аны кармап, тез арада бизге жеткиришти. Көрүлгөн аракеттерден кийин ал жашап кетет деген үмүт бар«, — деп билдиришет фонддон.