Токтогулда Элмирбек Иманалиевдин айкелинин ачылышы болуп өттү (видео)

Кечээ, 20-апрелде Токтогул шаарынын борбордук аянтында кыргыз элинин жүрөгүнүн түпкүрүнөн түнөк тапкан, элибиздин таланттуу уулу, Кыргыз эл артисти, Кыргыз элинин Баатыры заманыбыздын даанышман, алп акыны Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган эстеликтин ачылыш салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу Токтогул мэриясынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элмирбек Иманалиевдин өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу, көрөңгөлүү сөздөн кеп салган асыл ой жүгүртүүсү, башкалардан өзгөчө уккулуктуу мукам обону, эл аралык айтыштарда ар дайым курч сөздөрү менен далилденген кыргыз элине болгон сүйүүсү жана сый урматы, кыргыз дегенде алоолонтуп от алган мекенчилдиги менен кылымда бир жаралуучу талант экендиги эскерилип, акындын өзү өлсө да анын чыгармалары дагы кылымдар боюу өлбөй жашай берери айтылды.