Токтогулда колу чыканагынан кесилген ымыркай. Сот чечими чыга элек

Ушул жылдын февраль айында Токтогулдагы дарыгерлердин шалаакылыгынан делген ымыркай колунан ажыраган. SuperTV телеканалына дал ошол ымыркайдын ата-энеси акыйкаттык издеп кайрылышкан болчу.

Бүгүн, 12-декабрда социалдык тармактын колдонуучусу сот чечими чыгып, дарыгерлер акталыптыр деген маалымат пайда болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Жалал-Абад облустук сотуна байланышканыбызда, сот чечим чыгарбаганын, учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жаткандарын айтты. Бул маалыматты редакцияга ымыркайдын апасы да тастыктады. «Соттон эч ким акталып чыккан жок. Сот боло элек. 10 жолу жылды»,- деди келин.