Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, облустук жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, аппарат жетекчи Абдилет Акбаралиевдин жетекчилиги алдында жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга онлайн форматта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, кардын калың жаашынан улам түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тапшырмалар коюлду. Ошондой эле орун алган жагдайлардын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чараларды күчөтүү милдети жүктөлдү.
21-декабрда 13 короодон турган 26 жаран мал-жандыктары менен кышкы жайыттарда калып калганы тууралуу кабар түшкөн. Ага байланыштуу 22-декабрда райондук штаб жерине чыгып, жардам көрсөтүү жана коопсуздук чараларын көрүү иштери уюштурулган. Каттамы жок аймактарга 50 атчан жиберилип, кечки саат 18:00гө карата 10 жаран жана 2811 баш майда жандык коопсуз жайга жеткирилди. Мындан сырткары, дагы 2 короо мал жолдо экени маалымдалган. Ал эми 6 короодогу мал ээлери 3350 баш майда жандык жана 160 баш бодо мал менен кыштоодо калууну чечишип, аларга түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда Толук айыл аймагында ички жолдорду тазалоо иштери жүрүп, ага 3 атайын техника тартылган. 24-декабрга чейин толук тазалап бүтүрүү пландалууда. Азыркы учурда жабыркаган жарандар жок, кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынган.